БАЛАЛАЙКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАЛАЙКА - орустун элдик үч кылдуу (мурда эки) чертме музыкалык аспабы. XVIII кылымдын башында жара­лып, домбраны ал­маштырган. Ай­рыкча жөнөкөй калктын арасын­да кеңири тарап, жеке, топтук (ан­самблдик) атка­рууда элдик ыр­ларды, бийлерди, частушкаларды жана башка чыгармалар­ды коштойт. XIX

кылымдын аягында музыкант В. Андреев С. Нали­мов жана башка музыкалык усталар менен бирдикте Балалайканы өр­күндөтөт, орустун тунгуч эл аспаптар оркестрин уюштурат. Башталгыч музыкалык мектептерде, окуу жайларда жана консерваторияларда Балалайкада ойноо боюнча адистер даярдалат.