БАЛБАЛ
БАЛБАЛ - Талас облусунун Талас районундагы кыштак. Калба айыл өкмөтүнө караштуу. Беш-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1438 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 25 км түштүк тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 122 км. 1933-жылы отурукташкан. Калкы 1060 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо бар.