БАКАЛАВРИАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЛАВРИАТ – илимий багытта бакалаврларды даярдоо программасы боюнча базалык жогорку би­лимге ээ болуунун негизги бөлүгү. Толук эмес жогорку билими барлар үчүн окуу мөөнөтү 2 жыл. Бул программаны өздөштүргөн адам бакалавр даражасын алат жана төмөндөгүдөй иш­терди аткарууга даярдалат: кесиптик билим берүү программасы менен аныкталган ишмердик­ти аткаруу; изилдөө иши менен байланышкан маселелерди өз алдынча чечүү; тийиштүү ба­гыт боюнча окуусун магистратурада улантуу.