БАКИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:25, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКИР уулу Турсунбай (17. 03. 1958-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу шаары) – коомдук ишмер, КРдин ал­гачкы Акыйкатчысы (2002-жылдан). КМУнун тарых факультетин (1984), Киев мамлекеттик университетинин

аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1975–1977-жылдарда «Ош­ курулуш» трестинде, Фрун­зе темир-бетон буюмдарын жасоочу заводунда жумушчу, 1984–1995-жылдарда ОшМУда оку­туучу, улук окутуучу болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыга­руу жыйынынын депутаты (1995–2000; 2000–2002). Фи­лософия илимдеринин кандидаты (1990). Мамлекеттик кыз­маттын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. Акый­катчы (Омбудсмен) катары жарандардын укугун өлкөдө жана эл аралык деңгээлде коргоп келген. Медалдар менен сыйланган.