БАЛТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:17, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТА — жыгачты кесүү, жаруу жана башкалар үчүн кол­донулуучу эмгек куралы. Ал курч темирден жазы жагы миздүү, экинчи жагы уңгу саптаганга ылайык көзөнөгү менен жасалып, жыгачка сап­талат. Балтанын ак балта, кара балта, айбалта деген түрлөрү бар. Балта отун кесүүгө, жарууга жана устачылык кылууга колдонулат. Кара Балта чоң отундарды жаруу үчүн пайдаланылат. Балта палеолит доорунда эле пайда болуп, адегенде таштан, колодон, кийин темирден жасалган. Балтанын сабы кармоого оңтойлуу, чабууга эптүү, узундугу 4060 см. Ак балта куралы кыргыздарга орустардан келген. Ошондуктан аны адегенде орус балтасы. деп да аташкан.

Айбалта