БАКУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКУ , Б а к ы - Азербайжан Республикасынын борбор шаары. Апшерон жарым аралынын түштүк -батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2021). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт.

Шаардын жалпы көрүнүшү.

Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түрк­мөнстан), Актау (Казакстан) шаарлары м-н байланы­шат. Эл аралык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.
Баку шаары жөнүндө 5-кылымдагы жазмаларда, ошондой эле 9-10-кылымдардагы географтардын (аль-Истахри, аль-Ма­суди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12-15-кылымдарда Бакунун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-к­ылымдын 2-жарымында Баку аз убакытка Ширван пады­шалыгынын борбору болуп турган. Бакуну 1540-жылы Сефевилер, 16-кылымдын 80-жылдарында түрктөр, 1723-жылы орус аскерлери караткан. 1735-жылы ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку ханды­гынын борбору болуп калган. 1804-13-жылдарда орус - иран согушунун жүрүшүндө Баку Россияга ко­шулган (1806). 1917-жылы 31-октябрда (13-ноябрь) Бакуда Совет бийлиги жарыяланган. 1918-жылы 31- июлда ички ж-а тышкы контрреволюциячыл күчтөр­дүн аракети м-н Совет бийлиги кулатылат. 1920-жылы 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүл­гөндүгү жарыяланып, Баку анын борборуна айлан­ган. 1991-жылдан Азербайжан Республикасынын борбору.

Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын ба­йыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-к.), чеп­тин ички аймагында Мухаммед мечити ж-а Сы­нык-Кала минарети (1078-79), Кыз-Кала муна­расы (12-кылымда кайрадан курулган), Ширваншах сарайлар ансамбли (15-кылым), Жума мечити (14-кылым), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хамма­ли мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суу сак­тагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жыл­дан чепти айланта курулуштар башталган. 19- 20-кылымдарда эллектизм ж-а модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920-30-жылдарда шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт ж-а парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө архитектор О. Дадашев м-н М. Усейнов­дордун салымы чоң. С. Низами атындагы кинотеатр, Азербайжан политехникалык институту (1993-жылдан университет), Өкмөт үйү (1952), республикалык стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» ку­баныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Ба­кунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924-46, 1958-жыл) орнотулган.
Баку - өлкөнүн илимий, маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык илимий мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (фи­лиалдары м-н; анын ичинде 17си мамлекеттик), Баку (1919), Азербайжан педагогикалык (1921), Азербайжан медициналык (1930) университеттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), дене тарбия ж-а спорт, авиация (1992), мамлекеттик башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921, 1991-жылдан У. Гажибеков атындагы музыкалык академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атындагы (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атындагы опера ж-а балет (1920), Ш. Курбанов атындагы музыкалык комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (анын ичинде Азербайжандын көз каранды эместиги, Р. Мустафаев атындагы искусство, Низами атындагы Азербайжан адабияты, Л. Керимов атындагы Азербайжан килеми ж-а элдик жасалга-колдонмо искусство, Азербайжандын музыкалык маданияты) иштейт. Ошондой эле П. Бюль Бюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вур­гундун үй-музейлери, сүрөт галереясы, филармония (анын курамында У. Гажибеков атындагы симфони­ялык, камералык, улуттук аспаптар, мамлекеттик эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжанфильм», 1923), цирк, бал­дардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар.
Баку - Азербайжандын ири өнөр жай (республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефть-­химия (шина, тиричилик химиясы), кара ж-а түс­түү металлургия (болот, куюу, болот арматура өндүрүшү заводу), машина куруу (анын ичинде нефть өнөр ­жайына керектүү жабдуулар), радио электроника, жеңил (бут кийим, пахта фабрикасы), электр­отехника, тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинат­тары) өнөр жайлары бар.
Ад.: Ашурбейли С. Б. Очерк истории средневекового Баку (VIII - начало XIX вв.). Баку, 1964; Брета­ницкий Л. С. Баку. 2-е изд. Л.; М., 1970.

Р. Карачалова, А. Орозов.