БАЛ
БАЛ - өсүмдүк нектарынан аары пайда кылуучу же таттуу ширеден иштетип чыгуучу илээшме суюктук; баалуу азык. Бал таттуу, жыты жакшы, түсү тунук, саргыч, узак сакталат, бара бара коюуланат. Балда 15 түрдүү органикалык кислота, фермент, 35дей минералдык зат, витамин болот. Анын курамында 80%тен ашык кургак зат ж-а 16-22%ке чейин суу, глюкоза, фруктоза, 2%тей сахароза, 3-4% декстрин, 0,3% белок заттары, фосфор ж-а туз кислоталары, калий, натрий, кальций, магний, темир, фосфор, бир аз марганец, коргошун, цинк бар. Балдын сапаты коюулугу, даамы, жыты, өңү ж. б. боюнча аныкталат. Анын 35%ин глюкоза (жүзүм канты) түзөт. Ал адамдын организмине тез сиңет. Инвертаза ферментинин таасиринен нектар сахарозасы глюкоза м-н фруктозага ажырайт. Фруктоза м-н глюкоза аралашмасынын дарылык ж-а диеталык касиети бар. Анын химиялык курамы өсүмдүк түрүнө, климаттык шарттарга, иштетилишине байланыштуу. Жаңы бал суюгураак, курамындагы суу бууланган сайын, ал илешкек болуп коюуланат. Уюктагы бал жетилгенде, бал тарткычтарда жыйналып алынат. Тартылган бал чыпкаланып, сорттолуп, сатууга жөнөтүлөт.