БАЛ ТАРТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛ ТАРТКЫЧ - бал тартуучу курал. Аны че­хословакиялык бал челекчи - конструктор Груш 1865-жылы ойлоп чыгарган. Анын бир нече түрү бар. Бал тарткыч кашектүү, айланган барабандуу че­лектен ж-а кыймылга келтиргичтен турат. Бал челектин уячаларынын оозу ачык балдуу рамкалары кашекке орнотулат. Барабан айланган­да челектин бооруна бал чачырап, түбүнө жы­йылат да, чоргодон тышка агат. Демейде челе­гинин бийиктиги 820 мм, диаметри 600 мм, иди­шине 30 л бал батат. Азыр электр м-н кыймылга келтирилүүчү бал тарткыч бар.