БАЛТАБАЕВ Мукаш Руставлетович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТАБАЕВ Мукаш Руставлетович (1921, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1976), профессор (1977), СССР педагогика ИАнын (1968), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1993), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1981). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (1952), Кыргыз пе­дагогика илим-изилдөө институтунун аспирантурасын (1965) бү­түргөн. 1951–1953-жылдарда Чүй орто мектебинде мугалим, ди­ректор, 1953–1955-жылдарда Кыргызстан КП БКнын инструктору, 1955–1964-жылдарда Кыргыз ССРи-

нин эл агартуу министрлигинде ЖОЖ бөлү­мүнүн башчысы, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институ­тунун проректору (1965–1966), Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын башчысы (1966–1975), проректору (1975–1980), Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун директору (1981–1984), орус тили ж-а адабияты педагогикалык институтунун кафедра башчысы (1984–1990) болуп иштеген. Педагогиканын тео­риясы жана тарыхы боюнча адис. Педагогдук иши менен катар жалпы орто билим берүүнүн илимий-педагогикалык маселелерине арналган изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 120дан ашык илимий эмгектери бар. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш жана «Ардак Белгиси» ор­дендери менен сыйланган.
Эмг.: Развитие всеобщего среднего образования в Киргизской ССР. Ф., 1978; Кыргызстанда элге билим берүү иши 60 жылда. Ф., 1983; Антология педаго­гической мысли Киргизской ССР (авторлош). М., 1988.