БАМАКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАМАКО – Мали Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти (дистрикт) түзөт. Калкы 1,3 млн (2005). Нигер дарыясынын боюнда жайгаш­кан. Жолдор тоому. Атлантика океанындагы Дакар порту, Нигер дарыясындагы Куликоро дарыя порту менен темир жол аркылуу байланышат. Ба­мако-Сену эл аралык аэропорту бар. Бамаконун азыр­кы аймагында 1-тургун жайлар 15-кылымда эле пайда болгон. 19-кылымдын 2-жарымына чейин малинке жана бамбара урууларынын өкүлдөрү отурук­ташкан анча чоң эмес кыштак, 1882-жыл фран­цуздар басып алгандан кийин Франциянын соода факториясы жана таяныч пункту болгон. 1908-жылдан француздардын колониялык администрациясынын резиден­циясы. 1920–1958-жылдарда Франция Суданынын, 1958–1960-жылдарда Мали Федерациясынын, 1960-жылдан Мали Республикасынын борбору. Чоң мечит, псевдороман стилиндеги Жанна д’Арк собору (1925–1936), кол өнөрчүлүк үйү (1932), борбордук базар, улуттук илимий жана техникалык изилдөө борбору (1986), тропика өсүмдүктөрүн жана азык­ түлүктү изилдөөчү агрономия (1962), Сахел (1977), офтальмология (1953) институттары, улуттук китепкана (1913), улуттук (1953), край таа­нуу музейлери бар. Ботаника жана зоология бакта­ры уюшулган. Бамако – өлкөнүн ири өнөр жай жана соода борбору. Өнөр жайлуу зонасы шаардын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Текстиль комбинаты, айыл чарба шай­мандар заводу, ширеңке жана сигарета фабрикасы, та­мак-аш (тоңдурма кушкана, минералдык жана жемиш сууларын куюучу завод), булгаары-бут ки­йим, фармацевтика, металл иштетүү өнөр жай­лары, ремонттоочу жайлар бар. Кол өнөрчүлүк (жыгачка жана пил сөөгүнө оймо-чийме түшүрү­лөт, токуучулук, алтын, күмүш, булгаары иштетүү) өнүккөн. ГЭС бар. Бамакого жакын жердеги үңкүрдө неолит дооруна таандык аска бетинде­ги сүрөттөр сакталган.