БАНАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНАН (Миsа) – өсүмдүктөрдүн банандар туку­мунун уруусу. Көп жылдык чөп, тамыры жоон, сабагы кыска, жалбырагы чоң, чанда бийиктиги 15 мге жетет. Бир жана кош жыныстуу гүлү чоку топ гүлгө чогулган. Мөмөсү – көп уруктуу жемиш, сүйрү, үч кырдуу, курамында кант, крахмал, протеин бар. Мөмө байлагандан кийин, жер бетиндеги бө­лүгү куурап, та­мырынан жалган сөңгөк өсүп чыгат. Күрдүү жерде жак­шы өсөт, органикалык се­мирткич менен ко­шумча азыктан­дырганда бир тү­бүнөн 50–60 кг түшүм алынат. Анын 40тан ашык түрү тропиктик Африка, Азия, Австралияда ке-

зигет. Эгилме банандын мекени – Индия. Техникалык банан текстиль өнөр жайында пайдаланылат, андан бышык кездеме токулат, аркан, тор, жип ж. б. буюм жасалат. Кавказдын Кара деңиз жээгин­де, Түштүк Крымда кооздук үчүн атайын өстүрүлөт. Банан кургатылган жана жаңы бойдон тамак-ашка колдонулат.