БЕЙСИК ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́ЙСИК ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ – эсептөө ма­селелерин чыгаруу алгоритмдерин баяндоого ар­налган жогорку деңгээлдеги тил. Анын алгач­кы версияларынын жөнөкөйлөтүлгөн конструк­циялары ж-а алдынала түзүлгөн мат. функция­лары болгондуктан, үйрөнчүк-программалоочу оңой өздөштүрөт. 1963-ж. Дартмунд коллежи­нин студенттери иштеп чыгышып, алгач про­граммалоону үйрөтүү үчүн колдонулган. Б. п. т. жөнөкөй, ал алгачкы микроЭЭМде колдонууга ыңгайлуу, жеке ЭЭМде программалоонун негиз­ги тили.