БЕЙТ
БЕЙТ (ар. байт – үй деген сөздөн) – туташ уйкаш эки саптан турган ыр түрмөгү. Ал Чыгыш элдеринин поэзиясына мүнөздүү болгон. Низами, Навоинин поэмалары Б. формасында жазылган. Казал, касыйда адатта туташ уйкашкан эки саптан, б. а. Б-тен турат. Кыргыз оозеки ж-а жазма ад-тында да көп кездешет. А. Осмонов элдик дастандардын негизинде «Мырза уул», «Карагул ботом» поэмаларын Б. формасында жазган.