БЕЙТ
БЕЙТ (ар. байт – үй деген сөздөн) – туташ уйкаш эки саптан турган ыр түрмөгү. Ал Чыгыш элдеринин поэзиясына мүнөздүү болгон. Низами, Навоинин поэмалары Бейт формасында жазылган. Казал, касыйда адатта туташ уйкашкан эки саптан, башкача айтканда Бейттен турат. Кыргыз оозеки ж-а жазма адабиятында да көп кездешет. А. Осмонов элдик дастандардын негизинде «Мырза уул», «Карагул ботом» поэмаларын Бейт формасында жазган.