БЕЙШЕЕВА
БЕЙШЕЕВА Асанбүбү (22. 9. 1939-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң р-ну, Ак-Терек кыштагы) – КРдин эл артисти (1992). Ысык-Көл драма театрында (1960–62), Нарын музыкалуу драма театрында (1962–73),

1973-жылдан Ош кыргыз драма театрында иштеген. Бейшеева ар кыл каармандардын образын түзүп, жекече мүнөз таба билген актриса. Аткарган негизги ролдору: Эне (А. Дударев, «Босого»), Тотой (Ч. Айтматов, «Бетме бет»), Кумири (Ж. Садыков, «Жүрөккө жүрөк жашынат»), Таңгабийке (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Тоту (К. Жантөшев, «Каныбек»), Айша апа (Ч. Айтматов, «Фудзиямадагы кадыр түн») ж. б. ж-а дүйнөлүк классикалык чыгармалардан Г. Йоркская (В. Шекспир, «Ричард III»), Мөөржан (М. Ауэзов, «Кара көз»), Марфа (Н. Лесков, «Макбет айым») ж. б. Театрда 30 жылдан ашуун иштеп, көптөгөн жаркын образдарды жаратты. Ж. Садыковдун «Ак Мөөр» спектаклиндеги аялдын (Таберик) ролун мыкты аткарып, 1992-жылы республикалык «Нооруз-92» театр фестивалынын жеңүүчүсү болгон.
