ГРУЗИЯ
ГРУ́ЗИЯ (Сакартвело), Г р у з и н Р е с п у б л и к а с ы (Сакартвелос Республика) – Батыш Азиядагы мамлекет. Закавказьенин батышында ж-а борб. бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн

Россия, чыгышынан ж-а түш.-чыгышынан Азербайжан, түштүгүнөн Армения ж-а Түркия м-н чектешет. Батышын Кара деӊиз чулгайт. Аянты 69,7 миӊ км2. Калкы 3,7 млн (2020). Борбору – Тбилиси ш. Мамл. тили – грузин тили. Курамында Ажария Республикасы, 66 (9 крайга бириктирилген) район, 62 шаар, 52 шаарча бар. Акча бирдиги – лари. Г. БУУнун, ЮНЕСКОнун, Европалык кеӊештин, ЭВФтин, Кара деӊиз экон. кызматташтык уюмунун, Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банктынын, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, КМШнын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Г. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Саясий партиялары: Г-нын демокр. союзу, Г-нын элдик фронту, Христиан-демокр. союзу, Респ. партия ж. б.
Табияты.
Аймагынын басымдуу бөлүгүн (4/5) тоолор ээлейт. Түндүгүндө Чоӊ Кавказ (Кавкасиони) тоо системасы (эӊ бийик чокусу Шхара, 5068 м), түштүгүндө Кичи Кавказ (Казбек, 5033 м) жатат. Чоӊ ж-а Кичи Кавказдын аралыгын

Колхида ойдуӊу, Ички Картли, Төмөнкү Картли ж-а Алазани түздүктөрү ээлейт. Г-нын аймагы альп бүктөлүшүнө кирет. Мында эӊ байыркы мезгилден антропогенге чейинки чөкмө, жанар тоо ж-а метаморфизмделген тоо тек катмарлары кездешет. Интрузия тоо тектери да кеӊири таралган. Г-нын аймагы үчүн антропоген мезгилинде тектон. кыймылдардын ж-а жанар тоонун активдүүлүгү мүнөздүү. Кен байлыктарынан марганец (Чиатура), таш көмүр (Ткибули, Ткварчели), нефть (Колхида, Сырткы Кахети), полиметалл, сурьма, мышьяк (Чоӊ Кавказдын түш. капталы), жез (Марнеули), курулуш материалдары казылып алынат. Г-да 1300гө жакын минералдуу булак бар; белгилүүлөрү: Цхалтубо, Боржоми, Мнжи, Авадхара ж. б. Батышына субтропиктик, чыгышына субтропиктен мелүүнгө өтмө климат мүнөздүү. Январдын орт. темп-расы 3°Сден (Колхида) 2°Сге чейин (Иберия ойдуӊунда), августуку 23–26°С. Жылдык жаан-чачыны Грузиянын Кара деӊиз тарабындагы батыш бөлүгүндө 1000 мм, тоолорунда 2800 мм; Чыгыш Грузияда 300–600 мм (кургакчыл келет). Ири дарыялары: Кура, Риони, Ингури; көлдөрү – Палеостоми, Рица, Амт-көл. Суулары Кара ж-а Каспий деӊиздеринин алабына кирет. Деӊиз жак жээги тропиктик күл, кызыл ж-а сары, тоо этектерине чиринди карбонаттуу топурактар мүнөздүү. Күрөӊ ж-а күрөӊ-токой топурактары

кеӊири таралган. Оёӊ жерлерине аллювий, кара ж-а коӊур, тоолордо шалбаа-тоо топурактары басымдуу. Аймагынын 2/5 бөлүгүнө жакынын токой ээлейт. Колхида ойдуӊундагы жазы жалбырактуу токойдо тисс, эмен, самшит, рододендрон, лиана ж. б.; тоо этектеринде мисте, арча ж. б. өсөт. Тбилиси жаратылыш улуттук паркы, коруктар бар.
Калкы.
Негизги калкы – грузиндер (70,1%), о. эле осетин, армян, абхаз, орус, азербайжандар да бар. Орт. жыштыгы 1 км2ге 70 киши. Христиан (православие) динин тутат. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 70, аялдарыныкы – 78 жаш. Шаар калкы 58%.

Ири шаарлары: Тбилиси, Кутаиси, Рустави, Батуми, Зугдиди, Гори.
==Тарыхы. ==
Г-нын аймагында адамдар эзелки заманда эле отурукташкан. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын аягында алгачкы мамл. бирдиктер пайда болгон. Б. з. ч. 8-к-да азыркы Г-нын аймагына киммерий, кийинчерээк скиф (сак) уруулары басып киришкен. Андан соӊ Кавказ аймагы Мидия падышалыгына (б. з. ч. 7-к.) ж-а Ахемениддер мамлекетине (б. з. ч. 6-к.) караган. Б. з. ч. 6-к-да Батыш Г-да Колхида, 4–3-к-да Чыгыш Г-да Иберия падышалыктары түзүлгөн. Б. з. ч. 2-к-да Г-ны Понтия падышалыгы, кийин Рим империясы басып алган. 3–4-к-да Г-да христиан дини жайылтылып, мамл. динге айланган. 523-ж. Г-ны Сасаниддер мамлекети караткан. 7-к-дын ортосунан 9-к-га чейин Г-нын аймагынын чоӊ бөлүгү Араб халифатынын курамында келген. 8–9-к-да феодалдык жаӊы княздыктар (самтавро) ж-а падышалыктар түзүлгөн. Алардын өз ара таймашы 11-к-дын башында Грузияны бирдиктүү феодалдык мамлекетке баш коштуруу
м-н аяктаган. Давид I (1073–1125), Георгий III (1156–84), Тамара (1184–1213) падышалардын тушунда Г. Кавказдагы күчтүү мамлекетке айланган. Бул доордо шаарлар өнүгүп, мад-т жогорулаган. 11–12-к-да Г. түрк-селжук жапырагынын мизин кайтарган Закавказье м-н

Ж. Чыгыштагы күчтүү мамлекеттерден болгон. 13-к-дын 2-чейрегинде Г-ны татар-монголдор басып алат. 14-к-дын 2-жарымында Тимур жортуулунан өлкө толук бүлүнүп, феодалдык бытырандылыкка дуушар болот. 15-к-дын аягында Г. көз каранды эмес Картли, Кахети, Имерети падышалыктарына, Самцхе-Саатабаго (Түш. Г.) княздыктарына бөлүнөт. 16–18-к-да грузин эли Түркия ж-а Иран баскынчыларына каршы күрөшөт. 18-к-дын 2-жарымынан, б. а. падыша Ираклий IIнин (1744–98) тушунда Картли-Кахети падышалыгы (Чыгыш Г.) күчтөнө баштайт. Соломон Iнин (1752–84) тушунда Батыш Г. эли түрктөргө каршы ийгиликтүү күрөшөт. 1783-ж. Георгий трактаты б-ча Картли-Кахети падышалыгы Россиянын протекторатына айланат. 1801–10-ж. Чыгыш Г. бүт бойдон Россиянын курамына кошулат. 1803–64-ж. Батыш Г. Россияга кошулган (Тифлис ж-а Кутаиси губерниялары). 19-к-дын 30–40-ж. майда товар өндүрүшү өркүндөй баштап, мануфактура ишканалары пайда болуп, шаар калкы өскөн. 1864–71-ж. Г-да крепостной түзүлүш жоюлуп, өлкөнүн капит. жол м-н өсүшү ылдамдайт; темир жол курулушу кулач жайып, ф-ка өндүрүшү пайда болот; тоо-кен өнөр жай чоӊ ийгиликтерге жетишип, соода, дыйканчылыгы өөрчүйт. 1860-ж-дан Г-да улуттук-боштондук кыймыл күчөйт. Февраль бурж.-демокр. рев-ясынан (1917) кийин Г-да бийликке эсерлер м-н меньшевиктер келген. 1918-ж. Г. көз каранды эмес респ. болуп жарыяланган. 1921-ж. Кызыл Армиянын бөлүктөрү меньшевиктер өкмөтүн кулатып, Г-да Совет бийлиги орнотулган. 1921-ж. 25-февралда Грузин ССРи түзүлгөн. 1922-ж. февраль – мартта Советтердин бүткүл грузиялык 1-съездинде Грузин ССРинин Конституциясы кабыл алынган. 1922-жылдын 22-мартынан Г. Закавказье федерациясынын (ЗСФСР) курамына кирген. 1936-ж. 5-декабрда Г. өз алдынча союздук респ. болуп түзүлгөн. Совет бийлигинин мезгилинде Г-да өлкөнү индустриялаштыруу ж-а коллективдештирүү жүзөгө ашырылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде грузин калкы бүткүл совет эли м-н бирге фронтто да, душман тылында да, партизан отряддарында да фашисттик баскынчыларга каршы күрөшүп, Европадагы каршылык көрсөтүү кыймылына катышты. 134 жоокер грузинге Сов. Союз. Баатыры наамы, 55 миӊ адамга СССРдин ордендери берилди. 1991-ж. өткөрүлгөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы б-ча респ-нын парламенти 1918- ж-а 1921-жылдардагы конституцияны калыбына келтирүү тууралуу акт кабыл алган. 1991-ж. майда З. Гамсахурдиа президент болуп шайланган. 90-ж-дын башында Г-да (Абхазия ж-а Түш. Осетияда) улуттар аралык жаӊжалдар күч алган. 1991-жылдын декабрь айында президент м-н оппозициянын ортосунда күрөш башталган. Натыйжада Гамсахурдиа өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. Тенгиз Китовани жетектеген Аскердик кеӊеш президентти бийликтен алып, парламентти таркаткан ж-а бийликти колго алган. 1992-ж. Аскердик кеӊеш таркатылып, анын ордуна Э. Шеварднадзе жетектеген Мамл. кеӊеш түзүлгөн. 1993-ж. күзүндө З. Гамсахурдианын бийликти кайра алууга аракети ийгиликсиз аяктап, 1994-ж. январда өлтүрүлгөн. 1995-ж. жаӊы конституция кабыл алынган соӊ, анын негизинде өткөн президенттик шайлоодо Э. Шеварднадзе президенттикке шайланган. Эки мөөнөт иштеген соң, 2003-ж. «баркыт революциянын» жыйынтыгында Э. Шеварднадзе отставкага кеткен. 2004-жылдагы кезексиз президенттик шайлоодо шайлоочулардын 96,3% М. Саакашвилиге добуш беришкен. 2004-ж. 28-мартта президенттин жарлыгына ылайык парламенттик шайлоо болуп, анда президентти колдогон "Бириккен кыймыл - Демократтар" саясий тобу Г. парламентиндеги 235 орундун 135ин жеңип алып, ийгиликке жетишкен. 2005–06-жылдары Г-да укук коргоо органдарын бекемдөөгө ж-а уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга багытталган бир катар реформалар жүргүзүлгөн. Грузиянын жаңы өкмөтү АКШ м-н саясий ж-а аскердик кызматташтыкты өркүндөтүү, о. эле Г-нын НАТОго кирүү жолун белгилеген. 2008-ж. август айында Түш. Осетияда куралдуу кагылышуу болуп, натыйжада Абхазия м-н Түштүк Осетия Г-дан өз алдынча бөлүнүп чыккан. РФ Абхазия м-н Түш. Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. 2013-ж. шайлоодо Саакашвили Гиоргий Маргвелашвилиге утулуп калган. Грузиядагы 2018-жылдын 28-октябрында президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңип чыккан. Г. дүйнөнүн 180 өлкөсү менен дипл. мамиледе. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Г-нын тышкы саясаты НАТОго ж-а ЕСке кирүүгө багытталган.
==Экономикасы. ==
Г. – агр.-индустриялуу өлкө. Мурунку СССРдеги респ-лар м-н экон. байланыштын үзүлүшү ж-а Абхазия м-н болгон согуш өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизди. Көптөгөн өнөр жай тармактарында өндүрүштүн төмөндөшү байкалган. ИДПнин көлөмү 17,7 млрд долларды түзүп, аны киши башына бөлүштүргөндө 4,7 доллардан (2017; АКШ) туура келет. ИДПде өнөр жайдын үлүшү 22%, а. ч-ныкы 58%. 1994-ж. 6,8 млрд кВтс электр энергиясы өндүрүлгөн. Тамак-аш–татымал (чай, шарап, коньяк, минерал суулар, тамеки, эфир майы, жашылча-жемиш консервалары ж. б.), жеӊил (жибек, кыл торко, кебез кездеме, бут кийим, трикотаж, тигүү) өнөр жайлары өнүккөн. О. эле машина куруу, хим., нефть-хим., нефть ажыратуу, кара ж-а түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Күрдүү топурагы а. ч. өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө жагымдуу шарт түзөт. А. ч-га жарактуу жери 3,2 млн га, а. и. 11%ин айдоо аянты ээлейт. Кара деӊиз жээги чай өстүрүүгө адистештирилген (аянты 62,3 миӊ га, 516,1 миӊ т чай жалбырагы жыйналат). О. эле цитрус өсүмдүктөрү, лавр жалбырагы, дан эгиндери (буудай, жүгөрү, арпа), тамеки, кант кызылчасы, бадам өстүрүлөт. Г-нын чыгышында жүзүмчүлүк, жемиш өстүрүү өнүккөн. Мал чарбасынын башкы тармагы – эт-сүт багытындагы бодо мал. Андан сырткары кой, чочко асыралат. Үй куштары багылат. Темир жолунун уз. 1,58 миӊ км, автомобилдики 21 миӊ км (а. и. 19,6 миӊ кми асфальтталган). Негизги деӊиз порттору: Батуми, Поти. Баку – Батуми нефть кууру, Түн. Кавказдан Азербайжанга газ кууру кетет. Көптөгөн деӊиз климаттык (Гагра, Пицунда, Жаӊы Афон, Кобулети ж. б.), бальнеол. (Цхалтубо, Набеглави, Саирме ж. б.), бальнеол.-климаттык (Боржоми, Авадхара, Жава ж. б.), тоо-климаттык (Абастумани, Бакуриани, Бахмаро ж. б.) курорттору бар. Сыртка кара ж-а түстүү металл куймалары, машина куруу өнөр жайынын продукциялары, чай, суусундуктар чыгарылат. Сырттан нефть ж-а нефть продукциясын, тамеки, жаратылыш газын, автомобиль, химикаттар, азык-түлүк, жеӊил өнөр жайынын продукцияларын алат. Туризм өнүгүүдө. Негизги сырткы соода шериктери: Россия, Түркия, Армения, Азербайжан.

==Маданияты==
. Г-да 4-к-дын 1-жарымында эле Фасисте (азыркы Поти) жогорку риторика мектеби – Колхида академиясы болгон. 5-к-дан чиркөө, монастырь мектептери ачылган. Агартуу иши Г. Россияга кошулгандан баштап бир кыйла өөрчүгөн. Совет бийлиги орногондон кийин өз тилинде окутуу киргизилген. 20-жылдарда мектепке чейинки мекемелер ачылган. Ири окуу жайлары, ил. мекемелери, китепканалар, музейлери иштейт. Грузин тилинде китеп басып чыгаруу 17-к-дын 1-жарымынан башталган. Мезгилдүү басма сөз 19-к-дын башында пайда болгон. «Соплис цховреалитературали сакартвело», «Сакартвелос кали», «Лело», «Дроша», «Заря Востока», «Мнатоби» ж. б. Гезит-журналдары чыгып турган. Радиоуктуруу 1927-ж. башталган, 1970-жылдан 4-программада – грузин, орус, азербайжан, армян тилдеринде берилет. Телекөрсөтүү 1956-жылдан иштейт. Телеборбору Тбилисиде.
Г. ад-ты – эӊ байыркы ад-ттардын бири. Анын түпкү булагы – элдик оозеки чыг-лык. Байыркы грек акыны Аполлон Родосскийдин (б. з. ч. 3-к.) чыгармаларында грузиндер ж-дө айтылат. Алгачкы доордо диний ад-т м-н котормо басымдуу болгон. 5–11-к. аралыгында чиркөөлүк дин ад-ты өнүккөн. 12-к-дан Г. ад-тынын жаӊы доору башталган. Баатырдык-фантастикалык аӊгеме («Амиран-Дарежаниави»), роман («Висрамиани»), поэмалар (Шавтели, «Абдул-Мессия»; Чахрухадзе, «Тамариани») пайда болгон. Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы жаралат. Анда гуманизмдин улуу идеялары, достук, сүйүү даӊазаланган.
Моӊгол-татар эзүүсү (13–14-к.), перстер м-н түрктөрдүн (16–18-к.) жортуулдары Г. мад-тынын төмөндөшүнө алып келген. 17–18-к-дагы ад-ттын негизги темасы жат душмандардан өлкөнү бошотуу болгон. Бул мезгилдеги ад-ттын көрүнүктүү өкүлдөрү – Сулхан Саба Орбелиани, Мамук Бараташвили. 18-к-дын 2-жарымында белгилүү жазуучу Давид Гурамишвили «Грузия кайгысы» поэмасын жараткан. Г-нын Россияга кошулушу (18-к. аягы) ад-т тарыхына да айрыкча таасирин тийгизген. 19-к-дын 1-жарымында Г. ад-тында романтизм (ири өкүлдөрү – А. Г. Чавчавадзе, Г. З. Орбелиани, Н. М. Бараташвили) өнүккөн. 19-к-дын 2-жарымынан реализм (Г. Д. Эристави) үстөмдүк кылган. Сын реализминин ири өкүлдөрү И. Г. Чавчавадзе м-н А. Р. Церетелинин чыг-лыгы социалдык ж-а улуттук эзүүгө каршы багытталган. 80-жылдары Г. ад-тына белгилүү акын Важа Пшавела м-н жазуучу А. М. Казбеги кошулган. 19-к. – 20-к-дын башында ад-ттагы негизги орунду таптык күрөш ээлеп (Э. Ф. Ниношвили, Д. С. Клдиашвили ж. б.), чыгармаларда негизинен эзилген элдин оор турмушу чагылдырылган. 20-к-дын башында В. Барновинин тарыхый романдары, Ш. Арагвиспирели м-н Ч. Ломтатидзенин новеллалары, И. Евдошвили, Н. Чхиквадзелердин чыгармалары жаралган. Грузин совет ад-ты грузин классикалык ад-ты м-н орус рев-ячыл ад-тынын таасиринде өнүккөн. Рев-янын алгачкы мезгилинде ад-тчылар арасында ар түрдүү топтор болгону м-н, кийин Пролетариат жазуучулар ассоциациясына бириккен. 1927-ж. Г. жазуучуларынын 1-съезди болгон. Н. Лордкипанидзе, Л. Киачели, М. Жавахишвили, К. Гамсахурдиа, С. Клдиашвили, Г. Леонидзе, Т. Табидзе, П. Яшвили, В. Гаприндашвили, С. Чиковани, С. Шаншиашвили, И. Гришашвили, Ш. Апхаидзе ж. б. көрүнүктүү акын-жазуучулардын чыгармалары жазылган. Грузин драматургиясынын негиз салуучулары: Ш. Дадиани, П. Какабадзе, С. Шаншиашвили ж. б. 20–30-жылдарда ад-тка И. Абашидзе, А. Мирцхулава, К. Лордкипанидзе, К. Каладзе, Г. Абашидзе өӊдүү поэзия м-н прозанын чеберлери кошулду. Л. Готуа, Р. Маргвави, Л. Асатиани, И. Нонешвили, А. Калавдадзе, X. Берулава, О. Чхеидзе, Л. Авалиани, Р. Жаваридзе, М. Лебавидзе, М. Мачавариани, Н. Думбадзе ж. б. акын-жазуучулар грузин ад-тын жаӊы мотивдер м-н байытышкан. Грузин жазуучуларынын чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине, а. и. кыргыз тилине да которулган. Шота Руставелинин акын А. Осмонов которгон «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы 4 жолу (1940, 1951, 1956, 1976) басылып чыккан. Грузин иск-восунун байыркы эстеликтери б. з. ч. (Шулаверис, Урбниси) 5–4-к-га туура келет. Б. з. ч. 1-к-дын аягынан биздин доордун алгачкы кылымдарындагы таат-ибадат имараттары сакталып калган. 4-к-да христиан дини кабыл алынгандан кийин ж-а феодалдык түзү- лүш калыптана баштаганда шаарлар курула баштаган. Көптөгөн храмдар, базилика чиркөөлөрү курулган (Болнис Сиону; 478–493; Тбилисидеги 5–6-к-дагы Анчисхат чиркөөсү; оригиналдуу базиликалар ж. б.). 6–7-к-да кумпалуу храмдар (Жвари, 586/87–604; Бана, 7-к.) курулган. 10–13-к-да шаарлар, сепилдер, монастырлар, храмдар, ак сарайлар, академиялар (Ошки, 10-к; Кутаисидеги Баграт храмы, 1003; Мцхетадагы Светицховели собору, 1010–29 ж-а Алаверди собору, 11-к.; Гелат монастыры, 12-к.; Вардзиа комплекси, 12-к. ж. б.) салынган. 20-к-дын

башында курулушка улуттук мотивдерди пайдалануу аракеттери кыйла ийгиликтерге жеткен. Бөтөнчө 1930-ж. сов. индустриялаштыруу планынын негизинде шаарлар, курорт-санаторийлер, турак үйлөр ж-а коомдук имараттар кайра курула баштаган. 1941–45-ж. эски шаарлар реконструкцияланып (Гори, Цхалтубо), 50-жылдары ири индустриялык объектилерге байланыштуу шаарлар өсүп чыккан (металлургдардын шаары Рустави ж. б). Тбилисиде ж. б. шаарларда адм. имараттар (Грузин ССРинин Тби-

лисидеги Өкмөт Үйүнүн башкы корпусу, 1938–53, арх. В. Д. Кокорин ж-а Г. И. Лежава, В. Д. Насаридзе), театрлар, окуу жайлары, спорт комплекстери курулган. 60–80-жылдарда жаӊы констрдагы композициялары м-н арх-ралык формалары ж-а көлөмү жагынан айырмаланган имараттар долбоорлонгон: Тбилисиде Спорт сарайы (1961), «Иверия» мейманканасы (1967), филармониянын концерттик залы (1971), Салтанаттуу чогулуш үйү (1984) курулган. Чоӊ шаарлардын ж-а курорттордун, Тбилисинин генпландары иштелип чыккан. Арх-рада скульптура, мозаика, живопись ж-а чеканка паннолору колдонулган (Тбилисиде Нике үйү, 1965; метрополитен станциясы, 1966). Байыркы көркөм мад-ттын гүлдөп өсүшү б. з. ч. (Самгори, Триалети) 3–2-к-га туура келет. О. кылымда рельеф скульптурасы, монумент живописи өнүгө баштаган. 19-к-дын аягында грузин иск-восунун жаӊыча негиздери түзүлгөн. Грузин скульпторлору Я. И. Николадзе

ж-а таланттуу живописчи Н. Пиросманашвилинин чыгармалары белгилүү болгон. 1920–30-жылдары пейзаж жанры өнүккөн, өлкөнү индустриялаштыруу ж-а айыл жерин өзгөртүү темасы көтөрүлгөн. Китеп графикасы, станоктук графика, скульптурада портрет алдыӊкы орунду ээлеп, монумент скульптурасы өнүккөн. 1941–45-жылдарда үгүт графикасы, бөтөнчө плакат өнөрү өнүгүп, живопись м-н скульптурада баатыр жоокерлердин портреттери, аскердик-патриоттук темадагы тарыхый сүрөттөр тартылган. Монумент живописи өнүгүп (мозаика, дубалга тартылган сүрөт), Р. И. Стуруа, З. К. Церетели, Б. А. Бердзеншивили ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармалары белгилүү болгон. Темир, чеканка ж-а карапа өнөрү да өнүккөн. Архитекторлорду Тбилисидеги Грузин политех. ин-ту, сүрөтчүлөрдү ж-а архитекторлорду – Тбилиси Сүрөтчүлөр академиясы даярдайт. 1933-ж. Сүрөтчүлөр союзу, 1934-ж. Архитекторлор союзу уюшулган. Грузин эли тарабынан түзүлгөн муз. фольклор жанры стилинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Көп үндүүлүк – грузин элдик ырынын мүнөздүү белгиси. Г-да 4-к-да чиркөө музыкасы пайда болгон; 9-к-да чиркөөдө ырдоону үйрөнүү системасы калыптанган. 19-к-да профессионал муз. мад-т өнүгө баштаган. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында грузин улуттук операсы (М. Баланчивадзе, «Дарежан Цбиери»; Д. Аракишвили, «Шота Руставели жөнүндө жомок»; З. Палиашвили, «Абесалом жана Этери»; В. Долидзе, «Кето жана Котэ» ж. б.) түзүлгөн. 1922-ж. Тбилисиде экинчи консерватория ачылган (1924-ж. биринчи консерватория м-н бириктирилген), «Жаш грузин музыканттарынын коому» ж-а кылдуу оркестр, 1924-ж. – симф. ж-а кылдуу квартет уюшулган. Грузин эл ырларын кайра иштеп чыгууда алгачкы грузин совет композиторлору ж-а музыкатаануучулары – М. А. Баланчивадзе, Ш. М. Мшвелидзе, Г. И. Кокеладзе, Г. З. Чхиквадзе ж. б. чыккан. 20–30-жылдарда И. И. Туския, Г. В. Киладзе, Ш. М. Тактакишвили, И. Р. Гониели, М. А. Баланчивадзе ж. б. композиторлор симф. ж-а камералык музыканы түптөшкөн. Алгачкы симф. поэма – Г. Киладзенин «Гандегили» («Дербиш», 1937). 1936-ж. биринчи грузин балети Баланчивадзенин «Мзечабуки» (кийин жаӊы ред. «Тоо жүрөгү» деген ат м-н) коюлган. Андан кийин Киладзенин «Синатле» («Жарык», 1947, 1965) ж-а Торадзенин баатырдык-патриоттук «Горда» (1949) балети репертуарга бекитилген. Дүйнөлүк классикалык-адабий чыгармаларга да орун берилген: Мачаварианинин «Отелло» (1957), Цинцадзенин «Демон» (1961), М. А. Баланчивадзенин, «Мцыри» (1964), Габичвадзенин «Гамлет» (1971) балеттери коюлган. Улуттук опера ж-а балет өнөрүнүн борбору – Грузин опера ж-а балет театры. Театр улуттук вокал өнөрүнүн мектебин түзгөн. Анын баштоочтору: Грузин ССР

эл артисти В. П. Сараджишвили, О. А. Бахуташвили-Шульгина ж-а СССР эл артисти А. И. Инашвили. Ырчылар: СССР эл артисти П. В. Амиранашвили, Д. Я. Андгуладзе, З. И. Анджапаридзе ж. б. Дирижёр иск-восунун түптөөчүлөрү – Грузин ССР эл артисти И. П. Палиашвили ж-а Грузин ССРинин эмг. сиӊ. артисти Ш. И. Азмайпарашвили; грузин пианисттер мектебинин түзүүчүлөрү – Грузин ССР эл артисти А. Д. Вирсаладзе, А. И. Тулашвили, скрипачтар – Грузин ССР эл артисти М. Л. Яшвили, Л. А. Исакадзе, Н. Л. Яшвили, грузин балетин түзүүчүлөр – СССР эл артисти балетмейстер В. М. Чабукиани ж. б.

Грузияда (1973) З. П. Палиашвили атн. Тбилиси опера ж-а балет театры (Кутаисиде филиалы бар), В. Абашидзе атн. Тбилиси муз. комедия театры (1934), Мамл. симф. оркестр (1933), радио ж-а телекөрсөтүүнүн симф. оркестри, Грузин ССРинин кыл аспаптар оркестри (1930) бар. Грузин филармониясына хор капелласы, 3 элдик ыр-бий ансамбли, «Рэро» элдик ыр-бий ансамбли, «Орэра» эстрадалык вокалдык-инструменталдык ансамбли кирет. Тбилисиде В. П. Сараджишвили атн. консерватория, 3 муз. окуу жайы, Борб. муз. мектеп, шаарларда, райондун борборлорунда ж-а айылдарда 20га жакын муз. мектептер иштейт. 1932-ж. Композиторлор союзу уюшулган. О. кылымда ордо театры – Сахиоба өнүккөн. 18-к-дын 90-жылдары падыша Ираклий IIнин хан сарайында аксөөктөр театры түзүлгөн. Драматург Г. Эристави 1850-ж. грузин профессионал театрын негиздеген. 1879-ж. И. Чавчавадзе м-н А. Церетели Тбилисиде ж-а Кутаисиде улуттук профессионал театрларды кайрадан түзүшкөн. Бул театрларда В. Абашидзе, В. Алекси Месхишвили өӊдүү көрүнүктүү артисттер иштеген. Г-да Совет бийлиги орногондон кийин грузин совет театрынын чыг-лык жогорулашы реформатор режиссёр К. А. Маржанишвилинин ысымы м-н байланыштуу болгон. 1928-ж. Анын жетекчилиги м-н Кутаисиде жаӊы театр – Мамл. драма театры (1930-ж. Тбилисиге которулган, 1933-ж. К. Маржанишвилинин аты ыйгарылган) негизделген. Ш. Руставели атн. театрды (1926–35) Маржанишвилинин жолун жолдоочу А. В. Ахметели жетектеген. 20–30-жылдардын көрүнүктүү театр артисттери: С. Д. Такаишивили, В. Д. Годзиашвили, С. А. Закариадзе, Г. В. Шавгулидзе, А. Л. Кванталиани, Т. Г. Цулукидзе ж. б. 1940–50-жылдары актёрлор арасына жаӊы толуктоолор келген: М. В. Чахава, М. С. Тбилели, С. А. Канчели, Н. Г. Чхеидзе, Е. В. Кипшидзе ж. б. 1970-ж. Г-да 22 профессионалдык драма театр, а. и. Тбилисиде: Ш. Руставели атн. драма театры, К. Маржанишвили атн. драма театры, Грузин Жаштар театры, Орус Жаштар театры, Грузин куурчак театры, А. С. Грибоедов атн. Орус драма театры ж. б. Кутаиси, Сухуми, Батуми, Рустави, Гори, Ихинвали ж. б. ш-нда театрлар иштейт. 1939-ж. Тбилисиде Ш. Руставели атн. мамл. театр ин-туту уюшулган. 1945-ж. Грузин театр коому түзүлгөн. 1912-ж. В. Амашукели «Акакий Церетелинин Рачеге жана Лечхумиге саякаты» деген биринчи документалдуу киноочерк тарткан. 1919-ж. реж. А. Цуцунава «Христинэ» туӊгуч көркөм фильмин койгон. 20–30-жылдарда «Кызыл азезилдер » (1923, реж. И. Перестиани), «Элисо» (1928, реж. Н. Шенгелая), «Акыркы маскарад» ж-а «Арсен» (1934, 1937, реж. М. Чиаурели) ж. б. фильмдер тартылган. 50-жылдары грузин киносунун жаӊы этабы башталган. Ушул мезгилде «Луржа Магданы» (1956, реж.Т. Абуладзе ж-а Р. Чхеидзе), «Бөтөн балдар» (1958, реж. Т. Абуладзе), «Солдаттын атасы» (1965, реж. Р. Чхеидзе) ж. б. фильмдер коюлган. Белгилүү актёрлору: Н. Вачнадзе, М. Геловани, С. Закаридзе, Л. Абанеидзе, С. Багашвили ж. б. Көркөм фильмдерди «Грузия-фильм» киностудиясы чыгарган. Грузин студиясында хроникалдуу-даректүү ж-а ил.-популярдык бир катар фильмдерди оператор-реж. Г. И. Асатиани («Ар түрдүү кабаттуу Америка», «Мюнхен 25 жылдан кийин» ж. б.), режиссёрлор Д. А. Абашидзе, И. И. Канделаки, Ш. И. Хомерики ж. б. тартышкан. Мультипликациялык кинодо иштеген реж. В. Д. Бахтаузе, А. Н. Хинтибидзе ийгиликтерге жетишкен. Телефильм студиясы уюшулган. Кинематографисттер союзу 1957-ж. түзүлгөн. Ад.: Беридзе В. Грузинская архитектура с древнейших времён до начала ХХ века. Тб., 1967; Февральский А. В. Театр имени Руставели. М., 1959; Грузинская музыкальная культура. Сб. ст. М., 1957; Церетели К. К. Киноискусство Советской Грузии. М., 1969; История всемирной литературы. М., 1983; Сто великих писателей. М., 2000; Беридзе В., Езерская Н. Искусство Советской Грузии. 1921–1970. М., 1975; Джанберидзе Н. Ш., Цицишвили И. Н. Архитектура Грузии от истоков до наших дней. М., 1976.