БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара
БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара (17. 5. 1926, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө кыштагы – 10. 5. 1973, Фрунзе) – атактуу балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958). 1936–41-жылдарда Ленинград хореография окуу жайында окуган.

1948–49-жылдарда ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А. В. Вагановадан таалим алган. Бейшеналиева 13 жашында кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1- он күндүгүндө (1939) бийлеп

чыккан. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрынын солисти (1946-жылдан башкы солист). 1949-жылдан Фрунзе хореография окуу жайында педагогдук кесипте эмгектенген. Сахнада туңгуч ирет В. Власов м-н В. Ференин
«Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крамаревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу м-н профессионалдык чеберчилиги бар экенин көрсөткөн. Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон» (композитор М. Раухвергер, балетмейстер Л.М. Крамаревский) балетинде ачык-айкын көрүнгөн. Кийинки аткарган негизги ролдору:

Л. Минкус , «Дон Кихот» балетинде Бүбүсара Бейшеналиева – Китри, У. Сарбагышев – Базиль. Мария, Зарема (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны», 1949), Одетта – Одиллия (П. Чайковский, «Ак куу көлү», 1950), Тао Хоа (Глиэр, «Кызыл гүл»), Каарман кыз (С. Рахманинов, «Жаз келатат», 1953), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон», 1953, 1958), Сайра (В. Власов, В. Фере,
«Ала-Тоо жазы», 1955), Аврора (П. Чайковский, «Уйкудагы сулуу», 1956), Зейнеп (К. Молдобасанов, Т. Окунев, «Куйручук», 1960), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс», 1961), Жульетта (С. Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», 1962), Сильфида (Ф. Шопен, «Шопениана», 1966), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот», 1967), Асел (В. Власов, «Асел», 1967), Солистка (М. Равель, «Болеро», 1970) ж. б. Бейшеналиева улуттук ж-а классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жараткан. Ал кыргыз профессионалдык хореография өнөрүнүн калыптанышына ж-а азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө зор залым кошкон, жеке өзүнө тиешелүү аткаруучулук салттарын мураска калтырган. Бейшеналиева чыгармачылыгы телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчилик өнөрү үчүн тубаса көрктүү келбетин, назиктик м-н кайраттуулуктун, кыймылдын таамайлыгы м-н эмоциялуулугунун айкалышы мүнөздүү. Артисттин ар бир аткарган ролу сулуулуктун, назиктиктин, шаттыктын жаркын майрамына айланган. Бейшеналиева кыргыздын балет искусствосун дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тааныткан. Ал катышкан «Чолпон» балет-фильми 60тан ашуун өлкөдө коюлган. Ал ошондой эле Румынияда (1953), Чехословакияда (1967), Канадада (1967), Азия ж-а Африканын айрым өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Өзгөчө кыргыз искусствосу м-н адабиятынын Москвада өткөн 2-он күндүгүндө (1958) Бейшеналиева москвалык көрүүчүлөрдүн, адистердин эң жогорку баасына арзыган. Башкы партиясын Бейшеналиева аткарган «Асел» балети мыкты опералык ж-а балеттик спектаклдердин конкурсунда (1967) сыйлык алган, ошол эле ролду аткарганы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (1970). Бейшеналиева СССР Жогорку Советинин 6– 7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4–5-шайланышынын депутаты. Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна ж-а Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысымы берилген. Кыргыз сомунун 5 сомдук купюрасына анын сүрөтү басылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Брудный Дм. Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Уразгильдеев Р. Бүбүсара Бейшеналиева. Ф. 1971; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.
Б. Алагушов.