БЕЙШЕНОВ Асаналы
БЕЙШЕНОВ Асаналы (24. 4. 1941-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Токбай кыш.) – живописчи, КРдин эл сүрөтчүсү (2000). Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москвадагы В. И. Суриков атн. көркөм сүрөт ин-тун (1969) бүтүргөн. Кырг-н сүрөтчүлөр союзунун Ош обл. бөлүмүн неги здөөчүлөрдүн бири. 1966-жылдан респ., бүткүл союздук ж-а эларалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.


Бейшенов А. «Жолугушуу». 1971. 1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Б-дун эмгектеринин тематикасы согуштун антигумандуулугу («Согуш жылдары. Машак терүү»), кыргыз иск-восундагы адам м-н жаратылыштын байланышы («Булактын жанында»,
«Пахта көтөрүп бара жаткандар») болуп саналат. Портрет жанрында натураны байкоосу картиналарында курч ж-а кооз живопистүү чечилген. Анын негизги чыгармалары Г. Айтиев атн. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт иск-во музейинде ж-а КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталып турат.