БЕЙШЕНОВ Асаналы
БЕЙШЕНОВ Асаналы (24. 4. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Токбай кыштагы) – живописчи, КРдин эл сүрөтчүсү (2000). Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун (1969) бүтүргөн. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Ош облустук бөлүмүн негиздөөчүлөрдүн бири. 1966-жылдан республикалык, бүткүл союздук ж-а эларалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.


Бейшенов А. «Жолугушуу». 1971.
1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Бейшеновдун эмгектеринин тематикасы согуштун антигумандуулугу («Согуш жылдары. Машак терүү»), кыргыз иск-восундагы адам м-н жаратылыштын байланышы («Булактын жанында», «Пахта көтөрүп бара жаткандар») болуп саналат. Портрет жанрында натураны байкоосу картиналарында курч ж-а кооз живопистүү чечилген. Анын негизги чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде ж-а КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталып турат.