БЕК
БЕК , б е й, б и й (түрк. – бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – 1) Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө ак сөөктөрдүн, О. Азия ж-а Закавказье аймактарында о. кылымдарда ж-а жаңы доордо жер ээлеринин титулу. 2) Түркияда 19-к-дын экинчи жарымынан 1934-жылга чейин бийик мансаптууларга кайрылуунун бир түрү. 3) Тунис өлкөсүндө 1705–1957-ж. башкаруучу. Б. Борб. Азияда Түрк кагандыгы доорунан белгилүү. Ал мезгилде Б-тер сот бийлигинде, салык жыйноочу ж. б. кызматтарды аткарган, о. эле кээде аймак башкаруучу, кээде уруу башчысы катары да болгон. Караханиддер мамлекетинде да кагандан кийинки бийлик төбөлдөрү Б-тердин арасынан чыккан. Чынгызхандын аскер башчылары да Б. деп аталган. Алтын Ордонун ханы мусулман динин кабыл алган монгол нойондоруна Б. титулун берген. Амир Темирдин тушунда аскер башчылар арасынан колбашчы дайындалып, мындай даражага ээ болгон Б-ке аскердик туу, аскер башчынын асабасы салтанаттуу тапшырылган. Аларга аткарган кызматына, даражасына жараша улустар, аймактар бөлүнүп берилген. О. Азия мамлекеттеринде 1917-жылга чейин аталыктан кийинки кызмат даража катары саналган. Кырг-нда Кокон хандыгынын тушунда Б. хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башкарып турган. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, ви-
лайетте бийликти өз колунда кармап, элден алык-салык жыйнатып, хандын казынасына өткөргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз Б-теринин бир катары Кокон хандыгынын тиреги болуп келишкен. Мансаптан ажыраса деле аларда Б. наамы сакталып калган.