БЕКАСИ
БЕКА́СИ – Индонезиядагы шаар. Батыш Ява провинциясында, Жакартадан чыгышта жайгашкан (шаар агломерациясынын бир бөлүгү). Калкы 1,5 млн (2005, шаар айланасы м-н). Жакарта ш. ж-а Ява а-ндагы шаарлар м-н темир, автомобиль жолдору аркылуу байланышат. Жакартанын өнөржайлуу шаар айланасы. Ар түрдүү машина куруу (а. и. электр-тех., электроника, автомобиль ремонттоо), химия, текстиль, тигүү, тамак-аш өнөржайы иштейт. Бамбук м-н ротангдан эмерек, жыгачтан куурчак ж. б. жасалат.