БЕКЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКЕТ (фр. рiquet, орусча пикет) – 1) чакан күзөт отряды; 2) темир жолдун узундук чени; 3) геодезиялык рейкаларды орнотуу ж-а трассаны камсыз кы­луу үчүн белгилүү орунга кагылган казыктар м-н белгиленген белгилүү орундагы геодезиялык чекит­тер; 4) ар бир 20–25 км аралыкта жайгашкан почта станциясы. Түндүк Кыргызстандын айрым айма­гында (мисалы, Нарын облусунда) мал үчүн жылууланып салынган курулуш да (мисалы, уй Бекет, ат Бекет) Бекет деп аталат. Илгери темир жол ж-а машина жокто жүргүнчүлөр Бекетке токтошчу, аттарды алмашты­рышчу, почта кызматкерлери же чиновниктер эс алып, ат чалдырып же ат которуп өтүшчү. Бекеттер ортосунда эки же үч ат чеккен почта арабалары жүрүп турчу. 19-кылымдын ортосунан баштап, Кыргызста­ндын түндүк райондорунда кара жол жээгинде Бекеттер салынган. Почта жүктөрү көбүнчө кош ат чегил­ген арабада, чанада ташылчу. Кабарды тез жет­кирүү, өкмөт чиновниктерин ташуу үчүн токулуу аттар даяр турчу. Мындай Бекеттерди тейлөөчүлөрдү бекетчи деп аташкан. Азыркы кезде Бекет станция деген мааниде колдонулган учурлар да бар, мисалы, Авто бекет, темир жол Бекети ж. б.