БЕК-ЖАР
БЕКЖАР – Ош обл-нун Карасуу р-нундагы кыштак. Кашкаркыштак айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Карасуу ш-нан 59 км түн.- чыгыш тарапта. Ош темиржол бекетинен 41 км. Деңиз деңг. 1240 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1306 (2002); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, поликлиника бар.