БЕКИТҮҮЧҮ ТЕТИКТЕР
БЕКИТҮҮЧҮ ТЕТИКТЕР – машина ж-а констрнын ажырама бөлүктөрүн бириктирүүчү тетиктер. Ал жалпы мамл. стандарт же ведомстволук нормалар б-ча атайын өндүрүштө массалык түрдө жасалат. Машина курууда колдонулуучу тетиктерге: бурама сайлуу бекиткичтер – буроо, бурама, бурама мык; жардамчы тетиктер – эбелек, тушак (шплинт), өзөкчө (штифт) ж. б. кирет. Чеге, мыктар да Б. т. болуп эсептелет.