БЕККЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́ККЕТ , Сэмюэл (13. 4. 1906, Дублинге жакын Фоксрок кыш. – 22. 12. 1989, Париж) – Ирлан­дия ж-а Франция жазуучусу. Дублинден Три­нити-колледжди бүтүргөн (1927). Париж Жогор­ку мектебинде мугалим (1928–30). 1932–36-ж. Францияда ж-а Германияда саякатта болгон. 1938-жылдан Б. Парижде жашаган. 1929-ж. аң­геме, эссе, адабий сын макалалары жарыялана баштаган. Ал абсурд театрына «Годону күтүү» (1953) пьесасы м-н кирген. Пьесаларынын ичи­нен белгилүүлөрү: «Эндшпиль» (1989), «Крэпптин акыркы тасмасы» (2000), «Бактылуу күндөр» (1989). Б. «Уотт» (1953), «Моллой», «Мэлон өлөт», «Аты жок» (1994), «Кабанаак» (1999),


«Керексиз тексттер» (2001) романдарынын, о. эле «Ырлар» (1968) жыйнагынын автору. Нобель сыйл. лауреаты (1969).