БЕККЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́ККЕТ Сэмюэл (13. 4. 1906, Дублинге жакын Фоксрок кыштагы – 22. 12. 1989, Париж) – Ирлан­дия ж-а Франция жазуучусу. Дублинден три­нити-колледжди бүтүргөн (1927). Париж жогор­ку мектебинде мугалим (1928–30). 1932–36-жылдарда Францияда ж-а Германияда саякатта болгон. 1938-жылдан Беккет Парижде жашаган. 1929-жылы аң­геме, эссе, адабий сын макалалары жарыялана баштаган. Ал абсурд театрына «Годону күтүү» (1953) пьесасы м-н кирген. Пьесаларынын ичи­нен белгилүүлөрү: «Эндшпиль» (1989), «Крэпптин акыркы тасмасы» (2000), «Бактылуу күндөр» (1989). Б. «Уотт» (1953), «Моллой», «Мэлон өлөт», «Аты жок» (1994), «Кабанаак» (1999), «Керексиз тексттер» (2001) романдарынын, ошондой эле «Ырлар» (1968) жыйнагынын автору. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1969).