БЕКТЕНОВ Касымалы
БЕКТЕНОВ Касымалы (1910, Ысыккөл обл., Ысыккөл р-ну, Карой кыш. – 20. 6. 1975, Бишкек) – жазуучу, драматург ж-а артист. Рабфакты бүткөн (1929). 1929–34-ж. Нарын кантонундагы комсомол к-тинде, респ. радио к-тте иштеген. Москвадагы А. В. Луначарский атн. театр ин-тун бүткөн (1941). Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Сов. Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1945–47-ж. Кыргыз мамл. драма театрында артист, Пржевальскидеги обл. драма театрында башкы режиссёр, 1952–57-ж. Кыргыз мамл. драма театрдын директору, Кырг-н кинематографисттер союзунун председателинин орунбасары, 1964-жылдан Кыргыз мамл. филармониясында иштеген, кинофильмдерге тартылган. Адабий чыг-лыгы 1950-жылдан башталган. 1953–55-ж. «Тоо арасында», «Көк ирим көлдүн жээгинде», «Ашууда», «Бир цехтин адамдары» аттуу аңгемелерди жазган. 1955-ж. анын «Берекелүү өрөөн», «Бут башка таарынат» аттуу пьесалары коюлган. Б. «Куйручук» (1960), кыргыздын биринчи революционеринин өмүрүн баяндаган «Таабалды Пудовкин» (1-китеп, 1959; 2-китеп, 1962), «Райкандын күлкүсү» (1963), «Сөөк өчтү» (1967), «Мени унутпа» (1971), «Айкын жол» пьесаларынын, балдарга арналган бир нече китептин, ж. б. чыгармалардын автору. Б-дун айрым китептери орус тилине которулган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.