БЕЛАРУС ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛАРУ́С ТИЛИ – чыгыш славян тилдери­нин бири. Беларусь Республикасынын мамлекеттик тилдери­нин бири. Беларус тили байыркы орус тилине өзөктөш. Ал түндүк-чыгыш ж-а түштүк-батыш диалектилерден турат. Беларусь адабий тили өзүнө тектеш тилдерден фонетикалык, морфологиялык жактан айырмала­нат. Азыркы беларусь жазуусу кириллицага не­гизделген. Беларус тилинин жазма эстеликтери 14-кылымга таандык.