БЕЛБОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛБОО – булгаары, кайыш ж-а кездемеден кийимдин сыртынан белди курчоого арналып

жасалган (1,5–2 м), бир жагында тогоосу бар

жазы, кур сымал буюм. Б. кур, илгич деген да мааниде айтылат. Кездемеден жасалган Б. м-н көбүнчө улгайган аялдар курчанган. Жүндөн,

кебезден, жибектен түрдүү түстө даярдалган

жиптерден чалып токуу, өрүү жолу м-н колдо жасалып, чачы жиптери жибектен болгон. Анын учтары, төмөнкү чети, айрым учурда жогорку чети да түрдүүчө чачыланган. Алтын, күмүш

жипчелер аралаш согулган, чачыланган баалуу

Б-лор да болгон. Ал белге бир же эки оролуп, учтары алды жакка илмек байланып, чепкен­дин, ичиктин, тондун, кемселдин, көйнөктүн сыртынан курчалган. Кийин мындай Б-лор кез­деме кур, кемер кур м-н алмашылган. Булгаа­ры Б-нун (кемер кур) бетин алтын, күмүш ж. б. металлдарды чегерип кооздошкон.