БЕЛБОО
БЕЛБОО – булгаары, кайыш ж-а кездемеден кийимдин сыртынан белди курчоого арналып жасалган (1,5–2 м), бир жагында тогоосу бар
жазы, кур сымал буюм. Белбоо кур, илгич деген да мааниде айтылат. Кездемеден жасалган Белбоо м-н көбүнчө улгайган аялдар курчанган. Жүндөн,
кебезден, жибектен түрдүү түстө даярдалган жиптерден чалып токуу, өрүү жолу м-н колдо жасалып, чачы жиптери жибектен болгон. Анын учтары, төмөнкү чети, айрым учурда жогорку чети да түрдүүчө чачыланган. Алтын, күмүш жипчелер аралаш согулган, чачыланган баалуу
Белбоолор да болгон. Ал белге бир же эки оролуп, учтары алды жакка илмек байланып, чепкендин, ичиктин, тондун, кемселдин, көйнөктүн сыртынан курчалган. Кийин мындай Белбоолор кездеме кур, кемер кур м-н алмашылган. Булгаары Белбоонун (кемер кур) бетин алтын, күмүш ж. б. металлдарды чегерип кооздошкон.