БЕЛГИ
БЕЛГИ – кайсы бир туюмдуу материалдык предметти, окуяны, кубулушту таанып-билүү процессиндеги башка бир предметтин, окуянын, кубулуштун – субъективдүү элес түшүнүктөрдүн өкүлү, туюнтмасы, касиети. Б-нин тааныпбилүүдөгү милдетин изилдөөгө байыркы грек философтору – Платон, Аристотель, стоиктер ж-а 17–18-к-да Локк, Лейбниц, Кондильяк көңүл бөлгөн. 19-к-да матем. логика м-н лингвистика илими тарабынан изилдене баштаган. Кийин Б. ж-дө семиотика деген өзгөчө илим пайда болгон. Ал Ф. де Соссюр, Пирс, Ч. Моррис тарабынан негизделип, бул багытта кийин Ю. М. Лотман, У. Эко, Р. Барт ж. б. изилдөө иштерин жүргүзүшкөн, к. Семиотика.