БЕЛГИ
БЕЛГИ – кайсы бир туюмдуу материалдык предметти, окуяны, кубулушту таанып-билүү процессиндеги башка бир предметтин, окуянын, кубулуштун – субъективдүү элес түшүнүктөрдүн өкүлү, туюнтмасы, касиети. Белгинин таанып билүүдөгү милдетин изилдөөгө байыркы грек философтору – Платон, Аристотель, стоиктер ж-а 17–18-кылымдарда Локк, Лейбниц, Кондильяк көңүл бөлгөн. 19-кылымда математикалык логика м-н лингвистика илими тарабынан изилдене баштаган. Кийин Белги жөнүндө семиотика деген өзгөчө илим пайда болгон. Ал Ф. де Соссюр, Пирс, Ч. Моррис тарабынан негизделип, бул багытта кийин Ю. М. Лотман, У. Эко, Р. Барт ж. б. изилдөө иштерин жүргүзүшкөн, к. Семиотика.