БЕЛГИСИЗ СОЛДАТТЫН (МАТРОСТУН) МҮРЗӨСҮ
БЕЛГИСИЗ СОЛДАТТЫН (МАТРОСТУН) МҮРЗӨСҮ – салгылашта курман болгон жоокерлердин урматына орнотулган эстелик-символ. Биринчи жолу Парижде (Франция) курулган (1921). Москвада (Россия) Александр багында Кремль дубалынын жанында 1967-ж. 8-майда ачылган (арх. Д. И. Бурдин, В. А. Климов, Ю. Р. Рабаев, скульптор Н. В. Томский). 1997-ж. Москвадагы Б. с. (м.). м-нүн жанында ¹1 пост коюлган. Киев, Севастополь, Керчь ж. б. бир катар шаарларда да Б. с. (м.) м-нө эстеликтер орнотулган.