БЕЛЁВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЁВ Анатолий Васильевич (29. 4. 1938-жылы туулган, Спасс району, Ижевск кыштагы) – гидрогеолог, Кыр­гыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1987). Ново­черкасск геологиялык чалгындоо техникумун (1956), Москва шаарындагы Бүткүл союздук политехникалык ин­ститутун бүткөн (1964). Кыргыз комплекстүү гидро­геология экспедициясынын партияларында ин­женер, улук инженер-гидрогеолог, участоктун начальниги (1968–72), партиянын башкы гид­рогеологу (1972–96) болуп иштеген. Кыргызстандын жер астындагы сууларын издөө ж-а чалгындоо­до чоң эмгек сиңирген.