БЕЛЕН
БЕЛЕ́Н , П а р а – Бразилиянын түндүгүндөгү шаар, Пара штатынын адм. борбору. Калкы 1,4 млн (2005). Эларалык аэропорту бар. Амазонка д-нын дельтасындагы деңиз порту ж-а соода борбору. Тамак-аш, жыгаччылык ж. б. өнөржайлары иштейт. Кеме верфи; ун-т, муниципалдык парк (шаар ичинде тропик токою) бар. 1616-ж. негизделген. Санту-Алежандри монастыры (18-к.) сакталган.