БЕЛЕНТЕКЕ ЗАКАЗНИГИ
БЕЛЕНТЕКЕ ЗАКАЗНИГИ Чүй обл-нун Москва р-нунда. Кыргыз Алатоосунун түн. капталында, Кашкасуу, Тепши, Миңтокум, Көл сууларынын алабын ээлейт. Аянты 30,5 миң га. Саны азайып бараткан тоо эчки, улар, кекилик ж. б. жаныбарларды коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.