БЕЛИЗ
БЕЛИ́З – Борбордук Америкадагы мамлекет. Юкатан жарым аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан.

Түндүгүнөн, түндүк-батышынан Мексика, түштүк-батышынан Гватемала м-н чектешет. Чыгышын Кариб деңизи чулгайт. Аянты 23,0 миң км2. Калкы 411,1 миң (2023). Борбору – Бельмопан шаары. Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – белиз доллары. Административдик-аймактык жактан 6 округга бөлүнөт. БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Америка мамлекеттер уюмунун мүчөсү. Белиз – унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1981-жылы 21-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британия королевасы (монарх), анын милдетин Белиз мамлекетинин жараны болгон генерал-губернатор аткарат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке

ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Элдик чогулуш (Сенат ж-а Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Элдик биримдик партиясы, Бириккен демократиялык партия.
Аймагынын көп бөлүгүн оёң саздуу түздүк ээлейт. Түштүк-батышын Майя тоосу (бийиктиги 1122 мге чейин, Виктория чокусу) курчап жатат. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орточо температурасы 25°Сден 27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1300 ммден түштүгүндө
4500 ммге чейин. Жеринин 1/2 бөлүгүн баалуу дарактар өскөн, дайыма нымдуу тропик, түндүгүн жалбырагы күбүлмө тропик ж-а саванна токою ээлейт. Айрыкча өлкөнүн түштүк тарабындагы дөңсөө-тоолорун сейрек бадалдуу, жапыз өскөн тропик токою каптап жатат. Ири дарыялары: Белиз, Сибун ж-а Нью-Ривер (кеме жүрөт). Белизде жалпы аянты 912 миң га келген, коргоого алынган 36 аймагы бар, анын ичинде Чикубуль улуттук паркы, дүйнөдөгү жалгыз Бассейн-Кокскомб ягуарлар резерваты иштейт. Калкы негизинен белиздиктер (73,6%), орточо жыштыгы 1 км2 жерге 12,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 69,9, аялдарыныкы – 73 жаш. Эли – англис, ошондой эле испан тилдеринде, креоль диалектисинде да сүйлөшөт. Динге ишенгендер негизинен христиандар. Шаар калкы – 47%. Ири шаары – Бельмопан.
Азыркы Белиз жайгашкан аймак байыртадан эле майя цивилизациясынын очокторунун бири болуп келген. Белиз 1502-жылы Х. Колумб тарабынан ачылган. Борбордук Американын Испания тарабынан каратылышы м-н (1509–24), Белиздин түндүгү Жаңы Испаниянын (азыркы Мексика), ал эми түштүгү Гватемаланын курамына кирген. 17-кылымда Белизге англичандардын келиши м-н алгачкы колониясы негизделип, бул аймак үчүн англичандар м-н испандардын ортосундагы экономикалык тирешүүлөр башталган. 1763-жылы Париж келишими боюнча Белиз аймагында испандардын бийлиги сакталып, англичандар болсо токой чарбасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Алар токой плантацияларында негр-кулдардын эмгегин пайдаланышкан. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында англичандар испандарды акырындык м-н сүрүп чыгып, 1840-жылы расмий түрдө Белизди Британ Гондурасы деген ат м-н өз колониясы деп жарыялаган. 1964-жылы гана Улуу Британия Белизге ички иштерин өзү башкаруу укугун берген. 1981-жылга чейин Белиз Америка континентиндеги британиялык акыркы колония болуп келген. 1981-жылы 21-сентябрда Белиз көз каранды эместигин жарыялап, БУУга мүчөлүккө кабыл алынган. 90-жылдары Белизде эки партиялуу система калыптанган. 1998- ж-а 2003-жылдарда парламенттик шайлоолордо Элдик биримдик партиясы (лидер Саид Муса, теги боюнча палестиналык) жеңишке жетишкен. Өлкөдөгү демократиялык институттардын бекемделгендигине карабастан, экономикалык ж-а социалдык маселелер чечилбеген бойдон калууда. Экономикасынын негизин 1960-жылга чейин токой чарбасы түзүп келсе, 1990-жылы 15 эсеге кыскаргандыктан учурда Белиз– агрардык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 1778 млн доллар,


аны киши башына бөлүштүргөндө 6,5 миң доллардан (АКШ; 2005) туура келет. Ички дүң продукциядагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, айыл ж-а балык чарбасынын үлүшү 13%, өнөр жайыныкы 9%. Туризм өнүгүүдө (жылына 200 миңге жакын). 2002-жылы 117 млн кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын негизин балкамыш түзөт. Цитрус өсүмдүктөрү (лимон, апельсин, мандарин ж. б.) ананас, банан, кокос плантациялары бар. Бодо мал, чочко багылат. Жыгаччылык өнүккөн, кариб ж-а кызыл карагайдан
ж-а кампеш дарагынан жыгач даярдалат. Ба-

лык кармалат. Консерва өндүрүшү бар. Автомобиль жолунун узундугу 2,9 миң км. (анын ичинде 651 км асфальтталган). Ири деңиз порттору: Белиз, Дангрига. Ички суу жолунун узундугу 825 км. Сыртка кант, цитрус жемиштери, деңиз азыктары, булгаары ж-а булгаары-бут кийим, жыгач буюмдары ж. б. чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, дары-дармек, отун, машина, транспорт жабдуулары, тиричилик товарларын ж. б. алат. Негизги сырт-

кы соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Канада, Мексика.
Мамлекеттин колониялык көз карандылыгынын таасири улуттук маданияттын, анын ичинде айрыкча адабият ж-а искусствонун өнүгүшүнө тоскоол болгон.

Байыркы эстеликтери майя маданияты м-н байланыштуу. Анын ичинен Алтун-Ха, Ламанай (майя аймагындагы эң чоң пирамида), Караколь ж. б. архитектуралык комплекстери сакталган. 16-кылымда колониалдуу стилдеги курулуштар пайда боло баштаган (мисалы, испандык миссионерлер тарабынан курулган байыркы Ламанай шаарындагы мечит), архитектура негизинен 19–20-кылымдарда Белиз ж-а Бельмопан шаарларында өнүккөн. 6–14 жашка чейин баштапкы билим берүү милдеттүү ж-а акысыз жүргүзүлгөн. Бардык шаарларында мектептер бар. Техникалык, педагогикалык, айыл чарба, жаштарды өстүрүү борбору, профессионалдык окуу борбору,
чоңдор үчүн үзгүлтүксүз билим берүү мектептери орун алган. Калктын сабаттуулугу 80%ти түзөт. Улуттук университет, китепканалары бар.