БЕЛЛИНСГАУЗЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЛИНСГА́УЗЕН Фаддей Фаддеевич [9 (20). 9. 1778, Эстония, Эзель аралы (азыркы Сааремаа аралы) – 13(25).1.1852, (Россия), Кронштадт] – орус де­ңиз саякатчысы, адмирал (1843). Кронштадтта­гы Деңиз кадет корпусунан билим алган. 1803–06-жылдарда

Жер шарын айланган 1-орус саякатына катышкан. 1807– 18-жылдарда Балтика ж-а Кара де­ңиз флотторундагы кеме­лерди, 1819–21-жылдарда Жер ша­рын айлануу үчүн уюшулган экспедицияны башкарган. Экспедиция 1819-жылы Атлан­тика океанынын Антаркти­калык бөлүгүндөгү бир нече аралды, 1820-жылы 16 (28)-январда Антарктиданы, 1821-жылы Пётр Iнин ысмынан аталган аралды, Александр Iнин ысмынан аталган өткөөлдү, Тынч океандын тропиктик бөлүгүндө бир нече аралды тапкан. 1821-жылы июль – августта экспе­диция 751 күндүк деңиз саякатынан Кронштад­тка кайтып келген. Беллинсгаузен 1828–29-жылдарда түрк-орус со­гушуна катышкан. 1839-жылдан Кронштадттын согуш губернатору болгон. Беллинсгаузендин ысмынан Тынч океандагы деңиз, Түштүк Сахалиндеги тумшук, Ту­амоту архипелагындагы арал ж. б. аталган.

Эмг.: Двукратные изыскания в Южном Ледовитном океане и плавание вокруг света в продолжение 1819, 20 и 21 гг., Совершенные на шлюпах «Восток» и «Мирный». 3-е изд. М., 1960.

Ад.: Болотников Н. Я. Фаддей Фадеевич Беллинс­гаузен и Михаил Петрович Лазарев // Русские море­плаватели. М., 1953; Творцы отечественной науки. Географы М., 1996.