БЕЛЛИНЦОНА
БЕЛЛИНЦО́НА – Швейцариянын түштүгүндөгү шаар. Тичино (Тессин) кантонунун административдик борбору. Калкы 17 миң (2005). Леопонтин Альп тоолорунан түштүктө, Тичино дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Трансальп темир жол магистралындагы жана Цюрих – Милан
автомобиль жолундагы ири жол тоому. 1250-жылдар ченде негизделген. XIV–XV кылымдарда Милан герцогдугунун, 1503- жылдан Швейцария Союзунун курамында болгон. Беллинцонанын тарыхый очогу болуп дөбөдө жайгашкан үч сепил [Кастель-Гранде (IV кылымда негизделип, XIII–XV кылымдарда курулган), Кастелло-ди-Монтебелло (XIII–XV кылымдар; учурда тарых музейи), Кастелло-ди-Сассо-Корбарио (1479)] эсептелет. Алар Сен-Готард, Лукманир жана Сан-Бернардино ашууларына кеткен жолду тосуп турат. Сепилдер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Булардан тышкары роман стилиндеги Ионн Креститель (XII–XIII кылымдар), Ыйык Павел (XIV–XV кылымдар, фасадындагы жана интерьериндеги фрескалар XV–XVI-кылымдар), ренессанс стилиндеги соборлуу чиркөөлөр (XV кылымдын аягы – XVI кылымдын башы), Санта-Мария-делле-Грацие базиликасы жана башкалар бар. Театрлар, сүрөт галереясы, музейлер иштейт. Экономикасында тейлөө сектору басымдуу. Өнөр-жайы жергиликтүү гана мааниге ээ.
