БЕЛ-ТЕРЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛТЕРЕК , Ж а п а ш – Жалалабат обл-нун Базаркоргон р-нундагы кыштак. Арстанбап айыл өкмөтүнө караштуу. «Арстанбапата» то­кой чарбасынын аймагында, деңиз деңг. 1360 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­заркоргон кыш-нан 55 км түн.-чыгыш тарапта. Жалалабат темиржол бекетинен 88 км. Кыш­так 1936-ж. негизделген. Калкы 1001 (2002); не­гизинен токойчулукта, дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп бар.