БЕЛТИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:44, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛТИРхакастардын курамындагы этностук топ; 18-кылымга чейин Абакандын оң жээгинен Ар­бат ж-а Табатка чейинки жерлерди байырлаш­кан кыргыздардын бир уруусу. Хакас оозеки чы­гармаларында алар 1703-жылы Жуңгарияга зордоп көчүрүлгөн кыргыздардын өз мекенине кайтып келген бөлүгү катары баяндалат. Орус жазма булактарында Белтирлер 1635-жылдан белгилүү. Минуса ойдуңун Россия басып алгандан кийин Кытайдын Цин империясы м-н түзүлгөн Кяхта келишимине (1727) Белтирлер да катышып, чегара­ны көзөмөлдөөгө укук алышкан. Белтирлердин көп­чүлүгү тарыхый санжыраларды жакшы билишет ж-а 15–18 муунга чейин айтып бере алышат.


О. Каратаев.