БЕЛУХА
БЕЛУ́ХА – Алтай тоосунун эң бийик чокулары. Катын кыркатоосунун чыгыш бөлүгүндө. Эки чокудан турат: Батыш Б. (бийикт. 4440 м) ж-а Чыгыш Б. (4506 м). Капталдарында жалпы аянты 70 км2ге жеткен мөңгүлөр (Менсу, Катын, Берель ж. б.) бар. Чокунун аты «кар-мөңгүлүү» деген мааниде.