БЕЛУХА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:06, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛУ́ХА – Алтай тоосунун эң бийик чокулары. Катын кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө. Эки чокудан турат: Батыш Белуха (бийиктиги 4440 м) ж-а Чыгыш Белуха (4506 м). Капталдарында жалпы аян­ты 70 км2ге жеткен мөңгүлөр (Менсу, Катын, Берель ж. б.) бар. Чокунун аты «кар-мөңгүлүү» деген мааниде.