БЕЛЬКАНТО
БЕЛЬКА́НТО (итал. bel canto – сонун, кооз ырдоо) – вокалдык стиль. 17-к-да Италияда пайда болгон. Колоратуралык Б. ашкере уккулуктуулугу м-н айырмаланат. Б. улам жаңы көркөм ыктар, вокалдык кооз боёктор м-н байып, башка улуттардын ырчылык өнөрүнө таасир тийгизген.