БЕЛЬКАНТО
БЕЛЬКА́НТО (итальянча bel canto – сонун, кооз ырдоо) – вокалдык стиль. XVII кылымда Италияда пайда болгон. Колоратуралык Бельканто ашкере уккулуктуулугу менен айырмаланат. Бельканто улам жаңы көркөм ыктар, вокалдык кооз боёктор менен байып, башка улуттардын ырчылык өнөрүнө таасир тийгизген.