БЕЛЬМОНДО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЬМОНДО́ Жань Поль (9.4.1933-ж. т., Нёйи­сюр-Сен, Парижге жакын) – франц. актёр. 1956-ж. Париж консерваториясын (Р. Жирар­дын драма классын) бүткөндөн кинодо. Ж. Л. Го­дардын «Акыркы дем» фильми (1960) м-н дүйнөгө атагы тараган. Эркин манерадагы күлкү тартуулаган таланты, терең драмалык жөндөмү киножылдызына зор чеберчилик, шык берди: «Чочара», «Модерато кантабиле», «Баканооз», «Ууру», «Борсалино», «Ставиский», «Эң сонун», «Профессионал», «Тагдырдын тамашасы» ж. б. фильмдерде ойногон. Б. театр актёру ж-а продю­сер. 1992-жылдан Париждеги «Варьете» театры­нын кожоюну. Ардактуу легион ордени м-н сый­ланган (1991).