БЕЛЯЕВ
БЕЛЯ́ЕВ Александр Романович [4(16).3.1884, Смоленск – 6.1.1942, Ленинград обл., Пушкино] – орус жазуучусу. Смоленскидеги диний семинарияны (1901), Демидов юрид. лицейин (1906) бүтүргөн. Адабий дебютун «Мойрдун чоң энеси» (1914) деген пьеса-жомогун жазуудан баштаган. 1925-ж. Ж. Верндин таасиринде «Профессор Доуэлдин башы» аттуу биринчи ил. фантастикалык аңгемесин ж-а «Атлантидадан акыркы адам» повестин жарыялаган. «Аралдагы сууга чөгүп жок болгон кеме» (1926–37), «Адамамфибия» (1928), «Аба сатуучу», «Чексиз аалам» (1929), «Ариэль» (1941) ж. б. ил.-фантастикалык романдарында адамдардын табияты шарттаган чектелүүлөрдү жеңип чыгуулары, окумуштуулардын өздөрүнүн ойлоп табуулары үчүн жоопкерчилиги чагылдырылган. Б. чыгармаларынын сюжетинин кызыктуулугу м-н 20-к-дагы ил.-фантастиканын классиги катары таанылган.