БЕНГАЛИЯ
БЕНГА́ЛИЯ , Б е н г а л (хинди тилинде – Б а нг а л, бенгал тилинде – Б а н г л а) – Индиядагы тарыхый аймак, Ганг д-нын төмөнкү агымында, Ганг ж-а Брахмапутранын чатында. Байыркы мезгилде Б-нын ар кайсы бөлүктөрү Анга, Ванга, Гауда ж. б. аталыштар м-н аталган. Б. з. ч. 6-к-да Магадханын бийлиги астында болгон. Б. аталышы 10–12-к-да калыптанган. 8–13-к-да Б-нын аймагында Пал, кийин Сен династиялары башкарган мамлекеттер өкүм сүргөн. 13-к-дын башында Дели султанатынын курамына кирген. 14-к-дын ортосунда кайрадан көзкаранды эместикке жетишкен. 1575-ж. Улуу Моголдор тарабынан каратылган. 18-к-дын башында Б-дагы Бихар ж-а Орисса жерлеринде борбору Муршидабад болгон өзалдынча мамлекет (навабдык) түзүлгөн. 1756-ж. англ. Ост-Инд компаниясы Б-нын навабы Сираж ад-Даулга каршы согуш ачып, Плессинин алдындагы салгылашуудан (23-июнь 1757-ж.) кийин, компания Б-ны толук каратып алган. 1905-ж. англ. бийликтердин Б-ны эки аймакка бөлүүсү бенгалдыктардын катуу каршылыгын пайда кылып, 1911-ж. аларды кайрадан бириктирүүгө аргасыз кылды. 1947-ж. Индиянын аймагында өзалдынча эки мамлекеттин – Индия ж-а Пакистандын түзүлүшү м-н, индустар жашаган Батыш Б. (борбору Калькутта) Индияга (Батыш Бенгалия штаты), мусулмандар жашаган Чыгыш Бенгалия (борбору Дакка) Пакистанга (Чыгыш Пакистан) өткөн. 20-к-дын 50–70-жылдарында Чыгыш Пакистанга автономия берүү үчүн күрөшүп келген М. Рахман жетектеген Элдик Лига партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, Пакистан парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орундун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаалдашып, узакка созулган талаш-тартыштын натыйжасында 1971-ж. Чыгыш Пакистанда өзалдынча Бангладеш мамлекети түзүлгөн.