БЕНГАЛ ТИЛИ
БЕНГА́Л ТИЛИ , б е н г а л и – инди (индевропа) тилдеринин бири; Бангладештин ж-а Индиянын Батыш Бенгалия штатынын расмий тили. Ал батыш ж-а чыгыш диалектилеринен турат. Адабий тили «классикалык» (шадху-бхаша) ж-а «оозеки» (чохит-бхаша) стилдерине бөлүнөт. 10– 12-к-да жазуу эстеликтери жаралган. Б. т. эски, орто (14-к.) ж-а жаңы бенгал (18-к. аягынан) этаптарын басып өткөн, жазуусу брахмиге кирет.
Ад.: Быков Е. М. Бенгальский язык. М., 1966.