БЕНЕДИКТ XVI
БЕНЕДИ́КТ XVI , Й о з е ф Р а т ц и н г е р (16.4. 1927-ж., т., Бавария жери, Германия) – Рим папасы, католик теологу. Жандармерия комиссарынын үй-бүлөсүндө туулган. 1937-жылдан Бавариядагы классикалык гимназиянын, 1939- жылдан семинариянын окуучусу. 1943-ж. Германия куралдуу күчтөрүнүн, 1944-ж. Австрия ле-

ги онунун катарында кызмат өтөгөн, бирок согуштук аракеттерге катышкан эмес. 1945-ж. союздаштардын аскерлери тарабынан туткунга алынып, бир нече ай аскер туткундары үчүн лагерде кармалган. 1947-ж. Мюнхен ун-тетинин алдындагы дин таануу ин-ту – Георгианумга кирген. 1953-ж. «Августиндин экклезиологиясындагы Кудай Үйү жана эл» деген т ем ада и зи л дө ө с үн, ал эми док т орл у к диссертациясын ыйык Бонавентурдун дин таануу тарыхы б-ча коргогон (1957). 1977-жылдан Мюнхен ж-а Фрайзинг архиепископу, ошол эле жылы Рим папасы Павел VI аны кардиналдыкка дайындаган. 1980-жылы Иоанн Павел II аны атайын кеңештин башчысы кылып дайындаган. 1993-ж. Веллетри-Сеньи шаарчасынын епископу, 1998-жылдан Кардиналдар коллегиясынын вице-деканы, 2002-жылдан деканы. 2005-жылдын 19 апрелинен Рим папасы. Дин маселелерине арналган бир нече эмгектердин автору.